Күн жылуу болот. Баткендеги кийинки жуманын аба ырайы

Аптанын башында жана ортосунда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Баткенде келе жаткан жумада аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги айтып берди.
Аптанын башында жана ортосунда жаан-чачын болбойт.
21-22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. 23-24-декабрда күн ачык болору айтылды.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кайра суук түшпөйбү? 24-декабрга чейинки Кыргызстандагы аба ырайы