4,4 миллион сом зыян кылган. Кенди мыйзамсыз иштеткен компаниялар аныкталды

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кен иштеткен компаниялар өз ыктыярлары менен өлкөгө келтирилген зыяндын жарымын мамлекеттин эсебине кайтарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүндө көмүр кенин иштеткен жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүндө көмүр кенин иштеткен жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды

2 / 3

Анда айтылгандай, мыйзамсыз иштерди аныктоо үчүн УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери биргеликте иш алып барышкан

3 / 3

Мекемеден учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жаткандыгын кошумчалашты.

Анда айтылгандай, мыйзамсыз иштерди аныктоо үчүн УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери биргеликте иш алып барышкан.
"Тоо кендерин иштеткен бул жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүк жүргүзүп келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 477 миң 723 сом зыян келтирилген. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар өз ыктыяры менен 2 миллион 205 миң 715 сомду мамлекеттин эсебине кайтарды, башка тоо кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду",— дешти УКМКдан.
Мекемеден учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жаткандыгын кошумчалашты.
УКМК: Ала-Букада опузалап акча алып жаткан жеринен блогер кармалды