Ош облусунда 10 градуска чейин жылыйт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Шаршембиде түштөн кийин күндүн көзү бузулуп, бейшемби күнү кечке чейин кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда күн жылуу боло турганын билдирди.
Маалыматка караганда, 18-20-декабрда күн ачык бойдон турат. Жекшембиде айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 21-декабрда кечке чукул айрым жерлерде кар жаайт. Жаан-чачын 23-декабрда басылып, апта аягына чейин күн ачык турат.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Ош шаарында жана өрөөндөрдө күндүз абанын табы +10 градуска чейин көтөрүлөт.
Башкы эпидемиолог өлкөдө тумоологондор быйыл канчага көбөйгөнүн айтты