Лейлек: жети жолу мал уурдаган деп шектелип Тажикстандын жараны кармалды. Сүрөт

Тажикстандык киши менен биргеликте кыргызстандык үч өспүрүм да уурулук кылган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда мал уурулукка шектелип Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну үлүш жеринде турган тогуз бодо малы уурдалганын айтып милицияга кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Анын алкагында Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы үч тургунун колго түшүргөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандар Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте октябрь айынан бери жети жолу мал уурдаганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам тажикстандык У.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Мекендештерин 2,5 млн. долларга алдап кеткен Кытай жарандары Оштон кармалды