Кыргызстанда кышкы туристтик сезон ачылды. Видео

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Ал орточо эсеп менен алганда үч айга созулат.
Sputnik
ЗИЛ тоо лыжа базасы кызыккандар үчүн Бишкектен өтө деле алыс эмес жайгашкан. Бүгүн аталган жайда кызыктуу программа уюштурулду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов аталган базага барышкан.
Бийлик өкүлдөрү кышкы туризм Кыргызстандын экономикасындагы маанилүү тармактардын бири экендигин белгилешти.