Кыргызстанда 2022-жылы ымыркайларга кайсы ысым көп ыйгарылган? Рейтинг

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл жарык дүйнөгө келген ымыркайларга Салиха, Амина, Мухаммад, Умар ысымдары көп берилген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.
Калкты каттоо департаментинин ЖААК автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, кыздарга Салиха (3 904), Амина (2 969), Фатима (2 804), Раяна (2 786), Алия (2 426), Айлин (2 426) ысымдары көп коюлган. Ошондой эле Альфия (2228), Сафия (2223), Аруузат (2221), Хадича (2179) деген аттар да көп кездешет.
Ал эми уул балдарга Мухаммад (5 112), Умар (4 577), Али (2 838), Билал (2 505), Амир (2 436), Алихан (2 436), Нурислам (2042) ысымдарын көбүрөөк ыйгарышкан. Андан сырткары, Алинур (2 023), Усман (1 937), Эмир (1 657) ысымдары коюлган.
Быйыл 500гө чукул ымыркайга Акжол, Жоламан, Амантур ысымдары ыйгарылган