Кытайда, Түркияда жана Өзбекстанда Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду

Өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында соода өкүлчүлүктөрүн түзүү чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кытайда, Түркияда жана Өзбекстанда Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Уюштурулган өкүлчүлүктөр Экономика жана коммерция министрлигине караштуу болот. Чечим өлкөнүн тышкы рыноктордо экономикалык жана соода кызыкчылыктарын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
"Жергиликтүү өндүрүүчүлөр, айрыкча, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү продукцияларын тышкы рынокторго экспорттоодо көп кыйынчылыктарга туш болушат. Анткени башка өлкөлөрдөгү импорт жол-жоболору жана тышкы рыноктун талаптары жөнүндө маалыматы жетишсиз. Соода өнөктөштөрүн табууда, продукцияларын жарнамалоодо көйгөйлөр бар. Көп ишкерлерде өндүргөн товарларын сатуу рыногун аныктоо боюнча маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок", — деп айтылат маалыматта.
Өкмөттөн бул көйгөйлөрдү чечүү, өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында соода өкүлчүлүктөрүн түзүү чечими кабыл алынгандыгын белгиледи. Мындай ыкма башка мамлекеттерде колдонулуп, товар экспорттоодо натыйжалуу болгондугун кошумчалады.
Кыргызстан Москвада Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүн ачты