Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун салууга эл аралык уюмдар жардамдашат

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Бишкекте да анын кеңсесин ачуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун салуу долбоорун ишке ашырууга эл аралык каржы уюмдары тартылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирген.
16-декабрда Шавкат Мирзиёев темир жол инфраструктурасы ири аймактык долбоорундагы жүрүп жаткан иштер жана пландар боюнча маалымат алган. Анда чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде долбоордун иши алдыга жылып жаткандыгы айтылган.
"Алардын бири — Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун 454 чакырымынын курулушу. Жоопкерчиликти алган тараптар иштин пландары тууралуу билдиришти. Анда Бишкекте долбоордун кеңсесин ачуу каралган. Темир жол салууну ишке ашыруунун тартиби жана жүрүшү талкууланууда. Эл аралык каржы уюмдары менен да сүйлөшүүлөр болот", — деп айтылат маалымат кызматтын билдирүүсүндө.
Борбор Азия менен Кытайды байланыштырган темир жолду куруу дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келген. Маршруттук линиянын бир нече варианттары каралган. Ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча, бардык иштерди (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүү белгиленген.
Декабрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда кытай адистери долбоор боюнча башталгыч иштерди аякташканын, жакын арада техникалык-экономикалык негиздемелерди Бишкек менен Ташкентке жөнөтүшөрүн билдирген.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан менен Россия Балыкчы — Кара-Кече темир жолу боюнча документке кол койду