2023-жылда өлкөдө бир нече күндүк дем алыш кайсы айларда болот? Тизме

График жумасына беш күн иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекитти.
Ага ылайык, кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин төмөнкү күндөрү катарынан эс алышат:
1-январдан 8-январга чейин;
18-марттан 21-мартка чейин;
5-майдан 9-майга чейин;
4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:
9-январдагы дем алыш күнү 3-январга жылдырылат;
25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө жылат;
11-марттагы дем алыш күндүн ордуна 5-январь дем алыш болот;
25-марттагы дем алыш күндүн ордуна кыргызстандыктар 6-январда эс алышат.
29-апрель дем алыш күнүнүн ордуна 20-март иш күнү болот;
13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;
11-ноябрь дем алыш күнү 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.
Бишкектеги бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштейт. Телефон номерлери