"Каракол" аэропорту 2023-жылы иштеп баштайт. Туманбаев курулуш учурун көрсөттү

Аба майдандын учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Каракол" эл аралык аэропортун реконструкциялоо жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, курулушу 2023-жылдын октябрында бүтүп, пайдаланууга берилет.
"Ушул тапта калыбына келтирүү иштери, тынымсыз аракеттер жүрүп жатат. Аны менен бирге эл аралык талаптарга жооп берген жаңы аэровокзал да салынганы турат. Учактардын конуу тилкеси 400 метрге узарып, керек болсо ири көлөмдөгү учактар да учуп-конууга мүмкүндүк жаралат. Бул туризм, айрыкча тоо туризминде альпинизм багытын өнүктүрүүгө түрткү берет. Анткени Каракол лыжа тебүүнү сүйүүчүлөр үчүн да өзгөчө жагымдуу эмеспи", — деп жазды Туманбаев.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салган. Азыр аталган аэропорттун узундугу 2000 метр болгон учуп-конуу тилкеси бар. Ал дагы 400 метрге узартылат. Саатына 250 жүргүнчү кабыл алууга ылайыкташып ачылат.
"Каракол" аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделип, учуу-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген.
Бакиевдин үйүнүн ордуна майып балдардын реабилитациялык борбору курулду. Сүрөт