Айдоочулар кайсы учурда кайра экзамен тапшырышы мүмкүн? Чоо-жайы

Учурда мыйзам долбоору парламентте экинчи окуудан өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бир жыл ичинде жолдо жүрүү эрежесин үч жолу бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Учурда Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окуудан өттү. Анын ичинде жол эрежесин (38-1 берене) билбегендерден кайра экзамен алуу нормасы камтылган.
Кайсы эрежелерди бузса кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт:
мамлекеттик номери же алардын бири жок болсо, ошондой эле номерин жашыруучу шаймандарды колдонсо;
жол инспекциясынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей жана транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тоссо токтобой кетсе;
белгиленген ылдамдыктан ашып, саатына 40-60 жана 60тан ашуун чакырым ылдамдыкта айдаса;
эгер тез жардам, милиция сыяктуу кызматтардын атайын автоунааларын өткөрбөй койсо;
каршы тилкеге чыгып алдыдагы автоунаадан ашып өтүү эрежесин бузса;
эгер эреже бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтирсе, бирок ал аракеттеринде кылмыш-жазага тартуу белгилери жок болсо;
автоунаасын мас же айдоочулук күбөлүгү жок адамга айдатууга жол берсе.
Мас айдоочулар күбөлүгүнөн ажырап, айып пул көбөйөт. Мыйзам долбоору талкууда