Чүй облусунда кайра суук түшпөйбү? Бир жумага карата аба ырайы

Бул жумада бейшембиде гана айрым жерлерде кар жаап, калганы күндөрү асман ачык турат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Чүй облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 18-21-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жекшембиде айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 23-24-декабрда күндүн көзү кайрдан ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Апта ичинде Бишкек шаарында жана өрөөндөрдө күндүз 3 градус жылуу, түнү -8 градуска чейин суук болот.
Абанын булганышы кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Министрликтин тизмеси