2,8 млн. сом боюнча 24 жаштагы кыз шектелип кармалды, алдангандар чалгыла. Сүрөт

Милиция кармалган кыздын бул сыяктуу дагы он кылмышка катыштыгы болушу мүмкүндүгүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаада 24 жаштагы кыздын башка бирөөнүн ири суммадагы акчасын алдап кетүү боюнча шектелип кармалгандыгын билдирип, жабырлангандардын кайрылуусун суранды.
15-декабрь күнү Свердлов РИИБге К.А. аттуу жабырлануучу А. аттуу жаран аны алдап кетти деген арыз менен кайрылган.
"Шаардагы соода борборлордун биринде А. аттуу адам менин ишенимиме кирип, сомду долларга арзан баада алмаштырам деген шылтоо менен 2 миллион 880 миң сомумду алып, белгисиз жакка качып кетти. Ага карата чара көрүүнү өтүнөм", — деп жазган ал арызында.
Бул факт РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жана жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов районунун милиция кызматкерлери Д.А. аттуу 24 жаштагы кызды кармап, тергөө кызматына алып келишти. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан соң шектүүнүн ушул сыяктуу дагы он кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн экендиги аныкталды. Иликтөө иштери уланууда", — деди милициядан.
Ошондой эле ШИИББ кармалган жаранга алданып калгандар болсо же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо, 0 (700) 66-76-64, 0 (700) 50-10-29, 0 (550) 66-76-69 жана 102 номерлерине кабар берүүнү өтүнгөн.
Бишкекте ачылган "Финико" каржы пирамидасынын жетекчиси Грузиядан кармалды