БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев оорудан каза тапты. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармакка жазды.
Мурадилаевдин көз жумганы боюнча анын жубайы билдирген. Мурадилаев 44 жашта болчу.
Молдокматованын билдиргенине караганда, артист сөөгүн “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюуну айткан. Ал президент Садыр Жапаровдон бул маселени чечүүнү суранган. Себеби аталган жайга эл артисттери коюлуп келет.
Буга чейин Молдокматова Мурадилаевди шишик басып, реанимацияда жатканын билдирген. Актёрдун боорун алмаштыруу керектиги айтылып, 45 миң доллар чогултуу туурасында кеп болгон. Акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы бөлүп берген эле. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан.