ЦРУнун башчысы: TikTok АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу

Бёрнс аталган тиркеме Кытай компаниясына таандык деген жүйөнү келтирүү менен америкалык аткаминерлерге анын кооптуулугун эске алууну билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кытайдын TikTok тиркемеси АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу. Мындай пикирин ЦРУнун директору Уильям Бёрнс айтканын Известия.Ру басылмасы жазды.
Бёрнс аталган тиркеме Кытай компаниясына таандык деген жүйөнү келтирүү менен америкалык аткаминерлерге анын кооптуулугун эске алууну эскерткен.
"Кытай өкмөтү америкалык колдонуучулардын маалыматтарын алып, андан кийин контентти чектеши мүмкүн", — деген ал.
14-декабрда "Республикачылар" партиясынын сенатору Марко Рубио TikTok платформасына АКШнын аймагында тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Автордун айтымында, мындай жол менен Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн көзөмөлүндө турган социалдык тармактардан америкалыктардын маалыматтарын коргоого болот.
Буга чейин 16-ноябрда АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун директору Крис Рэй дагы TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп билдирген. Ал Кытайга тиешелүү болгон бул тиркемени Кытай америкалыктардын видеолорун алып жана алардын гаджеттери аркылуу көзөмөл кылуу максатында колдонушу мүмкүн деген тобокелчиликтерден улам кооптуу деп атаган.
Депутат Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады