18-декабрга карата аба ырайы

18-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта 0...+5, Чүйдө -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +5...+10, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын облусунда -6...-11 градус болору айтылды.
Термометр борбор калаа Бишкек шаарында +2...+4,  Ошто +7...+9 градусту көрсөтөт.
Медер Алиев: Бишкек эң кир шаар экенине ишенбейм, текшерип чыгыңыздар