Көргөн да, көрбөгөн да арманда. Түндүк жаркырактын 15 ирмеми

The Northern Lights photographer of the year 2022 сынагынын калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн жарыялады. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги фото чеберлеринин өзгөчө эмгектерин жарыялады.
Sputnik
Быйыл 13 мамлекеттен жиберилген 25 сүрөттү мыкты деп тапкан. Түндүк жаркырактын сүрөттөрү (аны "Аврора" деп да аташат) Россияда, АКШда, Канадада, Финляндияда, Норвегияда, Исландияда жана Жаңы Зеландияда тартылган. Быйыл сынак бешинчи ирет өтүп жатат.
1 / 15

"Түндүк асмандын алдында". Фотограф Нико Ринальди Россияда тартылган өзүнүн эмгектерин ушинтип атады

2 / 15

"Түстөр жарк эткенде". Фотограф Винсент Бьюдез бул ирмемдерди саат таңкы үчтө тарткан

3 / 15

"Эльфтердин үйү". Фотограф Асьер Лопес Кастронун Исландияда тартылган эмгеги

4 / 15

Фотограф Мэрибет Киченскинин "Мичигандын түнүндөгү кайгуул" деп аталган, Пойнт Бетси маягынын жанынан тартылган эмгеги мыкты деп табылды

5 / 15

Фотограф Вирджил Реглиони Гренландиянын чыгыш тарабынан тарткан сүрөт

6 / 15

"Башталышы" деп аталган, жомоктой кооздукту берген эмгек. Бул сүрөт норвегиялык фотограф Жулио Кобьянкиге таандык, аны Лофотен аралдарынан тарткан. Асмандан Саманчынын жолун, Жетигенди, ортосунан Андромеданын ийилген эки жаачасын көрүүгө болот

7 / 15

Жаңы зеландиялык фотограф Каван Чай эмгегин "Асман жарылганда" деп атаган. Сүрөт мыктылардын катарына кирди

8 / 15

Фотограф Дэвид Эрихсендин бул сүрөтү "Жарыктын артынан кубалап" деп аталат

9 / 15

Бул сүрөт капыстан эле тартылып калыптыр. Жаңы зеландиялык фотограф Дуглас Торн Наггет-Пойнт маягынын үстүнөн Саманчынын жолун тартууга камынганда асмандан керемет түстөр жааган

10 / 15

Жарым түндүү күн өлкөсүндө тартылган сүрөт. Байыркы скандинавиялыктардын тилинде Норвегияны ушинтип аташат. Канадалык фотограф Рэйчел Жонс Росс эмгегин "Түндүк асмандын алдында" деп атаган

11 / 15

Фотограф Луис Солано бул эмгегин Дырхолейяда (Исландия) тартып, "Түндүк Кетцаль" деп атаган

12 / 15

Бул сүрөт да Исландияда тартылган. Фотограф Яннес Краузе аны "Керлаугардын үстүндөгү жарык" деп атаган

13 / 15

"Кыштын каары". Фотограф Унаи Ларрайянын Фин Лапландиядагы Рииситунтури паркынан тарткан сүрөтү

14 / 15

Фотограф Тор-Ивар Несс Норвегиядан тарткан бул мыкты эмгегин "Аврора ааламы" деп атаган. "Аврора" — түндүк жаркыракты кээде ушинтип да аташат

15 / 15

Фотограф Руслан Мерзляков өзүнүн үйүнөн (Нюкебинг Морс, Дания) чыккандан үч мүнөттөн кийин ушул сүрөттү тарткан. Ал "Кызыл асман" деп аталат

1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15