Соода-өнөр жай палатасын жетектөөгө үч талапкер тандалды. Арасында Темир Сариев бар

Экс-премьер-министр Темир Сариев. Архив
Президентти шайлоо кийинки жумага белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчылыгына үч талапкер көрсөтүлүп жатканын аталган уюмдан билдиришти.
Жалпы жонунан тогуз киши президент болуу ниетин билдирген, бирок талапкер катары үчөө тандалып алынды:
Темир Сариев — "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институтунун башкы директорунун инвестициялык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, экс-премьер-министр;
Жодар Сайдилканов — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директордун кеңешчиси;
Авазбек Керимбаев — "Шумкар логистик компани" ишканасынын башкы директору.
Портфель көтөргөн адам. Архив
Транспорт министринин эки орун басары, "Кыргыз автожолдун" директору алмашты