Пресс-борбор

Мугалимдердин айлыгы кайра мурдагысындай болуп калдыбы? Жооп

Билим берүү министрлиги сентябрда педагогдорго төлөнгөн акча менен сааттардын санын эсептеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы мурдагы калыбына кайра түшүп, азайып калды деген маалыматтар жалган. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Алар Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда брифинг беришти. Мындан мурдараак билим берүү тармагындагы адис Анара Дауталиева төлөнгөн акчалар азайып кетти деп билдирген эле.
"Сааттар кыскарган. Мугалимдерге бир гана класска жетекчи болууга уруксат беришкен, ал үчүн 1 400 сом төлөнөт", — деген эксперт.
Мектеп саясаты жана китеп басып чыгаруу боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиеванын айтымына караганда, мурда эки ставканы алганда мугалимдики жумасына 40 саатка жакын чыкчу. Айлык көбөйгөн соң ошол сааттарды эсептегенде мугалимдер дароо көп акча ала баштады.
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
"Окуу жылы аяктап бара жаткандыктан педагогдун тарифтерин башынан карай албайт болчубуз. Андыктан сентябрдан тарта мугалимдики 27 сааттан ашпай турган болгон. Бул билимдин сапатын жакшыртуу жана мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн жасалган. Эгерде мугалим жүгү эки эсе көп болуп токтом чыгары менен 40 миң сом алса, азыр 27 саат менен болжол менен 26-27 миң сом алып жатпайбы", — деген ал.
Министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Мырзабеков эгерде педагогго 27 саат үчүн 15 миң сом төлөнсө, азыр 28 миң сом аларын билдирди.
Пресс-борбор
Вице-мэр Бишкектеги мугалимдер канча маяна алып жатканын айтып берди