Шереметьево аэропортунан 21 млн. рублдин уурдалышы. Соттун чечими чыкты

Кылмыш үстүбүздөгү жылдын июль айында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Москванын Шереметьево аэропортунун мурдагы жүк ташуучусу Москва — Бишкек авиакаттамынын жүргүнчүлөрүнүн багажынан 21 миллион рубль уурдаганы үчүн соттолду. Бул тууралуу Москва шаарынын аймактар аралык транспорттук прокуратурасы билдирди.
Химки шаардык сотунун отуруму 14-декабрда өткөн. Аэропорттун кызматкери Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо") боюнча күнөөлүү деп табылган.
Сот 2022-жылдын июль айында айыпталуучу учууга даярдалып жаткан учактын жүк сакталган бөлүгүндө багаж жүктөгөнүн аныктаган.
"Байкоосуз калганынан пайдаланып, аталган рейстин жүргүнчүлөрүнүн эки чемоданынан 21 миллион рубль уурдаган. Ал ошол эле күнү кармалып, акча кайтарылган", — деп билдирди прокуратура.
Жыйынтыгында аэропорттун мурдагы кызматкери бир жылга эркиндигин чектөө менен үч жылга эркинен ажыратылды. Натыйжада жаза үч жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептелет.
Кара-Көлдө пара алып жаткан жеринен тергөөчү, адвокат жана аудитор кармалды