Бишкекте мамлекеттик ипотеканын алкагында үй курулат. Батирлердин эскизи

Жаңы турак жай борбор калаанын чыгышынан орун алат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Тунгуч кичи районунда социалдык турак жай курулат, салуучу компания аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Батирлерди "Жеткиликтүү ипотека" программасынын кезекке турган катышуучулары ала алат. Маалымат алуу үчүн "Керемет банкка" кайрылуу керек.
Компания жаңы салына турган "Түндүк" турак жай комплексиндеги батирлер кандай жайгашарын көрсөтүп берди.
Үй 108-сериядагы 55 батирден туруп, Анкара көчөсү, 44 дарегинде жайгашат.
Мамлекеттик ипотека компаниясы насыя 8 пайыздык үстөгү менен 25 жылга берилерин, алгачкы төлөм үчүн үйдүн жалпы суммасынын 20 пайызы зарыл экенин эскертти.
Радио
Оморов: аймактагылар үчүн жеңилдетилген ипотекага өзүнчө кезек түзүлдү