Пресс-борбор

Мектептерде карантин узартылабы? Министрликтин жообу

Өлкөдөгү бардык мектептери 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү буйругу чыкса мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бидирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат кызматындагы брифингде суроолорго жооп берген.
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
"Онлайн-окуу 24-декабрга чейин болот. Бул менчик билим берүү мекемелерине да тиешелүү. Эгерде Саламаттык сактоо министрлигинен карантинди узартуу боюнча буйрук чыкса, анда ал узартылат. Бирок окуу планы толугу менен аткарылат", — деди Умралиева.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы бардык мектептерди, анын ичинде жеке менчик билим берүү мекемелерин да 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөргөн. Ата-энесиз балдар үчүн интернат тибиндеги мектептер кадимки шартта окуп жатышат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернат-мектептер 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн-окууга өтүштү. Өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мектеп окуучуларын аралыктан окутуу чечимин кабыл алган.
Бир суткада Кыргызстанда КРВИ жана грипптин 10 миңдей учуру катталды