Деңизге чыгуу. БАЭ Кыргызстанга 30 гектардан ашык жер бөлүп берди

Акылбек Жапаров кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө түрткү гана болбостон өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанга деңизге чыгууну камсыздоо үчүн Абу-Даби (БАЭ) эркин экономикалык аймагынан 30 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эркин экономикалык зона Халиф портунун аймагында жайгашкан. Жер логистикалык борбор менен бажы аймагын өнүктүрүп, иштетүү үчүн бөлүнгөн. Мындан тышкары, Maqta Gateway араб компаниясы Кыргызстандын Каржы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, ошондой эле инфраструктураны улуттук "бирдиктүү терезе" түзүү аркылуу модернизациялоо, санариптештирүү стратегиясын демилгелөөдө.
Буга чейин премьер-министр Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алгандыгын билдирген.
Кыргызстан Евробиримдиктен өлкө жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү суранды