Казак-кыргыз чек арасында автоунаалар эмнеге топтолуп калды? Себеби

Чек ара кызматы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Анткен менен эки көзөмөл өткөрүү жайында бир топ сандагы автокөлүктөр топтолуп туруп калганы кабарланды.
"Саат 15:30га карата "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында автоунаалардын топтолуп калганы байкалды. Республикадан чыга бериште 25 жеңил, 20 оор жүк ташуучу автоунаа турат. Ушундай эле жагдай "Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайында да түзүлгөн. Ал жерде жүк ташуучу 97 автокөлүк турганын көрүүгө болот", — деп айтылган маалыматта.
Чек ара кызматынан мындай кырдаалга майлоочу жана күйүүчү май ташыган жеңил автоунаалардын топтолгон саны себеп болгондугун айтты.
Мындан сырткары, ары-бери каттаган автоунаалардын кезекти сактабай, орто жолдон кирип кетүүгө кылган аракетинен улам көзөмөл өткөрүү жайга кире бериште автотыгын жаралган. Чек ара кызматы мындан улам айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганын билдирди.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" постторунун иш тартиби өзгөрдү