БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору дүйнөдө жана өлкөдө жол кырсыктары канча адамдын өмүрүн алганын жарыялап, автоунаа айдоочуларды этият болууга чакырды.
Борбор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, дүйнө жүзүндө жыл сайын жол кырсыгынан 1,3 миллион адам каза болорун белгилеген.
"Кырсыктан жаракат алгандардын саны 20 миллиондон 50 миллионго чейин жетет, айрымдары майып болуп калышат. Беш жаштан 29 жашка чейинки жаштардын өлүмүнүн башкы себеби да жол кырсыктары болуп жатат. Кыргызстанды ала турган болсок, 2021-жылы жол кырсыктары жыл ичинде 868 адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен 114ү — балдар", — деп айтылат борбордун маалыматында.
Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында өлкө аймагында 4 миң 284 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8,9 пайызга аз. Муну менен катар эле жабыркагандардын саны да кыскарган, өткөн жылы сегиз айда 7 миң 215 адам жаракат алган болсо, бул жылы көрсөткүч 6 миң 651ди түздү. Буга катар эле январь айынан 31-августка чейинки сегиз ай ичинде жол кырсыгынан 379 адам каза болгон, бул өткөн жылдын сегиз айындагы көрсөткүчтөн 31,3 пайызга аз.
"Мунун баары оңой эле айтылчу сандар болгону менен анын артында нечендеген үй-бүлөлөрдүн, миңдеген адамдардын тагдыры турат. Ар бир айдоочу ар дайым мойнунда чоң жоопкерчилик бар экенин эсинен чыгарбашы керек. Ошол эле учурда жөө адамдар да жол эрежелерин сактап, жаштарды, балдарды да ошого үйрөтүүсү маанилүү", — деп жазылат маалыматта.
Ден соолукту чыңдоо борбору жарыялаган материалында жол кырсыгынын башкы себеби жогорку ылдамдык экендигин белгилеген. Борбордун адистери айдоочуларды белгиленген ылдамдыктан ашпоого, өзгөчө эл көп топтолгон жерлерде жөө адамдарга жол бошотууга чакырган.