Жакында жаңы жыл! Бишкекте башкы балатынын оту жанды. Видео, сүрөт

Бул сапар Бишкектеги башкы балатынын башкача стилде жасалганын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында жаңы жылдык балатынын оту жанды.
Жаңы жыл майрамынын символикасынын бийиктиги 25, диаметри 12 метр.
Балаты оту жангандан кийин аны коштогон театралдашкан оюн-зоок жана концерт уюштурулду. Балатынын айланасынан майрамдык фейерверктер атылды. Бул сапар майрамдык символиканын башкача стилде жасалганын байкоого болот.
Аянтка бүркүттүн, бугунун, жылкынын, коёндун инсталляциясын орнотуп, ири белгилер менен "2023" сандарын жазышкан.
1 / 3

Бишкек шаарында жаңы жылдык балатынын оту жанды

2 / 3

Жаңы жыл майрамынын символикасынын бийиктиги 25, диаметри 12 метр

3 / 3

Балаты оту жангандан кийин аны коштогон театралдашкан оюн-зоок жана концерт уюштурулду.

Буга чейин мэриядан каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилерин айтышкан.
Бул сапар жаңы жылдык балаты мурдагы орнотулчу жерден башка жакка жылып, тагыраагы, аянттын түштүк тарабына, чоң фонтандын ордуна коюлду.
Радио
Белекбаев: биринчи эле иш-чарабыз — башкы балатыны жандыруу