Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды

Мурунку муниципалдык чиновник бир катар кылмыштарга шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. УКМК Бишкектин А.А.А. аттуу мурдагы вице-мэри кармалганын кабарлады.
Бул инициалдарга Абдылдаев Алимбек Анарбекович туура келет. Буга чейин ал "Бишкек жарык" жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканаларын жетектеген.
Маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдарда "Бишкек жарыктын" жетекчилиги ири өлчөмдөгү бюджеттик акчаны мыйзамсыз сарптап өзүнө ыйгарып келгени аныкталган.
"Каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбосо да чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен "Бишкек жарык" имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Буга кошумча, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражатын уурдоо фактысы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары, УКМК 2016-2019-жылдары жетекчилик уруксат кагаздарын берип, курулуш объектилерин жылуулук тармактарына туташтырууда "Бишкек жылуулук энерго" 31 миллион сом зыян тарткандыгын билдирген.
УКМК Алимбаев бул жылдары аталган ишканаларда иштеп, ошондой эле вице-мэр болгонун кошумчалады. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК: Ала-Букада опузалап акча алып жаткан жеринен блогер кармалды