Бишкек менен Чүйдөгү ыш: микроавтобустар текшерилет

Борбор калаа менен Чүй облусунда абаны булгаган автобустар менен кичи автобустар текшерилет
Биринчи ирет текшерүүдө айдоочулардын көбүнө эскертүү берилерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Борбор калаа менен Чүй облусунда абаны булгаган автобустар менен кичи автобустар текшерилет. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.
Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөл бөлүмү жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция атайын жабдууларды алып иштеп жатышат. Ведомствонун кызматкерлери кара түтүн автоунаалардын катализаторлору жок болгондуктан чыгып жатат деген тыянакка келген. ЖКККББден биринчи ирет текшерүүдө айдоочулардын көбүнө эскертүү берип, "кемчиликтерди жоюуну өтүнүшөрүн" айтышты.
Анткен менен 21,5 миң сомго үч протокол жазылган.
Бишкек шаары. Архив
Экология министри оорунун көбөйүшүн ыш менен байланыштыра бербөөгө чакырды