Россияга каршы санкциялардан улам Европада нааразылык акциялары күчөөрү айтылды

Австриялык саясатчы Москваны кысымга алуу Европа элинин өзүнө зыян алып келерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Европада Россияга каршы киргизилген санкциялардан улам нааразылык күчөйт, анткени эл жакырчылыкта жашагысы келбейт. Мындай пикирин Австриянын мурдагы вице-канцлери, Эркин партиясынын (FPÖ) мурдагы оңчулдар лидери Хайнц-Кристиан Штрахе РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Көчөлөрдө демонстрациялар, нааразылык акциялары дагы күчөйт. Эл жумушсуз, суукта калгысы келбейт, жакырчылыкта жашагысы келбейт. Тынчтык демилгелеринин ордуна курал-жарак жеткирилип жатканын көрүүдө. Мунун баары европалыктар үчүн барган сайын айкын болуп бараткан карама-каршылык", — деди Штрахе.
Ал Евробиримдиктин Россияга каршы санкциялары "европалыктардын өзүнө зыян алып келерин" жана ЕБ мамлекеттеринин "элинин басымдуу бөлүгү четке какканын" кошумчалаган.
Bloomberg: Россия кайрадан Евробиримдикке газ экспорттоодо лидер боло алат