ДССУ COVID-19 кийинки жылы пандемия болбой каларын боолголоду

Жетекчи бир жыл мурун "омикрон" жаңыдан аныкталганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19дун пандемия макамы кийинки жылы жоюла турганын болжолдоп жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.
"Эмдиги жылы COVID-19 саламаттык сактоо тармагында глобалдуу өзгөчө көйгөй болуудан калганын жар салабыз деп үмүт артып жатабыз", — деген ал журналисттерге.
ДССУ жетекчиси бир жыл мурун "омикрон" жаңыдан аныкталганын эске салды.
"Ал убакта COVID-19 бир жумада 50 миң кишинин өмүрүн алып жаткан. Өткөн аптада 10 миң киши көз жумду. Албетте, бул сан көп, адам өмүрүн сактоого дагы көп күч жумшашыбыз керек, бирок кооптуу чектен өттүк", — деди Тедрос Адханом Гебрейесус
Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда