Кыргызстан боюнча 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылды

Анын ичинен эки облуста мектептердин баары жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева парламентте карантинге жабылган билим берүү мекемелери тууралуу маалымат берди.
Аткаминердин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2 357 мектептин 509у (21,5 пайызы) карантинге кетип онлайн окуп жатат. Ал эми 1 710 бала бакчанын 168и (9,8 пайызы) карантинге жабылган.
Мунун ичинде Чүй облусунда мектептердин баары, бала бакчалардын 49 пайызы карантинге алынса, Талас облусунда мектеп, бала бакчалар толугу менен жабылган. Борбор калаа Бишкекте 40 мектеп салттык режимде окутууну токтотту.
Бир суткада Кыргызстанда КРВИ жана грипптин 10 миңдей учуру катталды