Өлкөдө кышкы туризм сезону расмий качан ачылары айтылды

Ачылыш салтанаты концерттик программа менен коштолуп, түрдүү оюн-зоок, сынактар уюштурулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-2023-жылдын кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылышы 17-декабрда "ЗиЛ" тоо лыжа базасында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында лыжа тебүүнү сүйүүчүлөр үчүн оюн-зооктор, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелер коюлат.
Кыргызстанда заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй менен Ысык-Көлдө жайгашкан.
Өлкөдө лыжа тебүү сезону ноябрь-декабрь айларында башталып, апрелге чейин созулат. Ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил — февраль жана март айлары.
Кыргызстандын тоо лыжа базалары