"Торугарт" жана "Эркеч-Там" постторунун иш тартиби өзгөрдү

Декабрь айынан тартып аталган өткөрүү жайлары күн сайын иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштөө тартибине айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта ушул жылдын декабрь айынан тартып аталган өткөрүү жайлары күн сайын, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү да иш алып барары белгиленет.
Чек ара кызматы ошол эле учурда "Торугарт" менен "Эркеч-Там" пунктулары Кытайдан чыккан жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын гана кыймылын камсыздай турчу өзгөчө алгоритмге жараша иш алып бара турганын эскертти.
Чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганын кантип билсе болот? Чек ара кызматынын жообу