Кыргызстан Евробиримдиктен өлкө жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Акылбек Жапаров Кыргызстан Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушууда өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушууда өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду

2 / 2

Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди

"Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө. Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулап жатат. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз", — деди Жапаров.
Ал кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде "жашыл" экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар.
"Ошондой эле биз региондун өлкөлөрү жана Европа биримдиги менен энергетикага тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", — деди Жапаров.
Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигине токтолгон.
Радио
Апышева: кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 200 орун берилди