Дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Аргентина ойномой болду

Дүйнөлүк иш-чара эки оюндан соң жыйынтыкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына Мароккону утуп Франция чыкты.
Оюн түндө өттү. Франциялыктардын эки голун Тео Эрнандес менен Рандаль Коло Муани киргизип, беттеш 2:0 эсеби менен аяктады.
Эми 18-декабрда Бишкек убактысы менен саат 21:00дө өтө турган финалдык бөлүктө Франция жана Аргентина (Хорватияны утуп алган) кездешмей болду.
Ал эми Марокко менен Хорватия үчүнчү орун үчүн 17-декабрда ойнойт. Беттеш саат 21:00дө башталат.
Эскерте кетсек, ушу тапта Франция дүйнө чемпиону болуп саналат.
Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө чемпионатында чакан коло медаль жеңип алды