Эмил Абдыкадыров эми вице-мэрлерди алмаштырбоого убада берди

Депутат мэр Абдыкадыровдон ал аталган кызматка келгенден кийин беш-алты вице-мэр алмашканын айтып, себебин сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров мындан ары вице-мэрлер алмашпай турганын убадалады.
Парламентте депутат Алишер Козуев мэр кызматка отургандан бери беш-алты вице-мэр алмашканын айтып, ага эмне себеп болуп жатканын сурады.
"Менин учурумда экөө алмашты. Кээ бирлери аким болду, башка жумушка кетти. Шаардык кеңеш сунуштап, дагы бирөөнү кызматтан алдым. Эң биринчи критерийим — адам кесипкөй болушу керек. Жумушун жакшы билиши шарт. Ошол принцип менен өзүмдүн кадрларымды коём. Ал кайдан келбесин, ким болбосун, улутуна да карабайм. Ишин так билген, таза адам болушу керек. Азыр орун басарларымдын баары тажрыйбасы бар, билимдүү жаштар. Буюрса бир системага түшөйүн деп калдык, баарын оңдойбуз", — деди Абдыкадыров.
Мындан улам депутат "кадрларыңызды толук алып келип бүттүңүзбү?" деп тактап сурады эле, ал "эми буюрса, алмашпайт" деп жооп берди.
Футбол ойногон жокмун, ооруп жаткам. Бишкек мэри эмнеге ЖКга келбегенин айтты