БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети ноябрь айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин арасында инфляция кандай деңгээлде болгонун кабарлады.
Кеп керектөө сектору тууралуу болуп жатат.
"Былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда катталып 18,9 пайызга жетти. Буга азык-түлүктүн 23,4 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн 13,5 пайызга, азык-түлүккө кирбеген товарлардын кымбатташы себеп болду", — деп айтылат маалыматта.
Башка өлкөлөрдө абал кандай:
Кыргызстан — 13,5 пайыз;
Беларусь — 12,4;
Россия — 11,1;
Армения — 7,2.
Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап кымбаттап жатат.