Эртең мененки маалда Донецк шаарын Украина Куралдуу күчтөрүнүн окко алуусу сегиз жыл ичиндеги массалык түрдө жасалган ири аткылоо болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Ал эми маалыматты калаа башчысы Алексей Кулемзин Telegram-каналына жарыялады.
"Украиналык фашисттер бүгүн эртең менен кезектеги кылмыштуу ишин жасады. Таңкы саат 7:00дө Донецкинин борборун аткылоого алды, мындай жапырт ок чыгаруу 2014-жылдан бери кайталана элек болчу", — деп жазды ал.
Мэр бутага Ворошилов районундагы Жабык базар, Богдан Хмельницкий проспекти менен Университет көчөсү кесилишкен аймактар, Школьный бульвары, Набережная көчөсү алынганын билдирди.
Кулемзиндин айтымында, имараттар талкаланган. Ватутин, Мир проспектилериндеги, Школьный бульварындагы, СССРдин 50 жылдыгы көчөсүн бойлото кеткен жердеги, Шевченко бульварындагы, Театр проспектиндеги турак жайларга, темир жол ооруканасына жана кампустун жанына сокку урулган.
№15 бала бакча, №2 мектеп, Святой-Преображенский собору, Донецк улуттук технологиялык университетинин бир нече корпусу, студенттик оорукана аткылоодон четте калган эмес.
Жарадарлар тууралуу маалымат такталууда
ДЭРдин Украинадагы аскердик кылмыштарга байланышкан маселелерди жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу боюнча биргелешкен борборунун өкүлүнүн маалыматына караганда, саат 7:00дө украиналык аскерлер Донецкидеги Ворошилов жана Киев райондоруна "Град" залптык ок чыгарган куралынан 40 ракета учурган.
Саат 08:02де кайрадан Киев районуна калибри 155 миллиметрлик болгон НАТОнун үч снаряды келип түшкөн.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Ал түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин баса белгилеген.
Тема боюнча: