Бишкек мэриясынын алдында гараждарды алууга каршы митинг өтүүдө. Сүрөт, видео

Кооперативдердин мүчөлөрү гараждарды алууга макул эмес. Алардын айтымында, миңдеген гаражды басып алуу жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү борбор калаа мэриясынын алдына митингге чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, ал жерге жүздөн ашык адам топтолгон.
Чогулгандар гараждык мунапыс берүүнү талап кылып, миңдеген гаражды рейдерлик жол менен басып алуу болуп жаткандыгын айтышууда. Митингчилердин алдына вице-мэрлердин бири чыккан, бирок алар мэр Эмилбек Абдыкадыровдун өзү менен жолугууну талап кылышууда.
1 / 3

Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү борбор калаа мэриясынын алдына митингге чыгышты

2 / 3

Алдын ала маалымат боюнча, ал жерге жүздөн ашык адам топтолгон

3 / 3

Чогулгандар гараждык мунапыс берүүнү талап кылып, миңдеген гаражды рейдерлик жол менен басып алуу болуп жаткандыгын айтышууда.

Кооперативдердин мүчөлөрү гараждарды алууга макул эместигин айтышууда. Буга чейин кабарлоо катында митингге 15тен ашык кооперативдин өкүлдөрүнүн катышары айтылган.
24-ноябрда №12 кооперативдин мүчөлөрүнө он күндүн ичинде гараждарды бошотуп коюу талабы коюлган. Бирок бузуу иштери андан мурун эле башталган.
Буга чейин гараж кооперативинин мүчөлөрү митингге 25-ноябрда чыгууну пландашкан, бирок ошол күнү мэриянын тушундагы филармониянын имаратында Элдик курултай өткөн.
Бишкекте гараж кооперативинин мүчөлөрү митингге чыкмай болушту