Медер Алиев: Бишкек эң кир шаар экенине ишенбейм, текшерип чыгыңыздар

Депутат булганган шаарларды көргөнүн, алардын алдында Бишкек таза көрүнүп каларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев борбор калаа дүйнөдөгү эң булганган үч шаарга кирет деп чыгарган маалыматтардан күмөн санады.
Эл өкүлү эң кир, булганган шаарларды көргөнүн, алардын алдында Бишкек таза көрүнүп каларын айтты. Мындан улам өлкөдө абананын булгануу деңгээлин ким аныктай турганына кызыкты.
Экология министри Динара Кутманованын айтымында, мамлекет тарабынан Кыргызгидромет агенттиги мониторинг жүргүзөт. Анын жети стационардык посту жана 2021-жылы орнотулган 50 датчиги бар. Ошол эле учурда "МувГрин" экологиялык коомдук уюму 2018-жылы 16 датчик койгон. ЖМКларга ушул уюмдун маалыматтары тарап жатат.
Мындан улам депутат мындай кырдаал туристтик жагдайга таасир этерин белгиледи.
"Эгер ал компания ("МувГрин") БУУ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылган эл аралык аброю бар болсо ишенет элем. Анан ошолор Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү эң кир шаар деп маалымат бергенин туура көрбөйм. Бизге туристтик, инвестициялык, кадыр-барк жагынан доо кетип жатат. Келе турган турист интернетти ачса эле ыш чыгат. Бирок Бишкекте ыш көйгөйү күч экенин тана албайбыз. Ошол эле учурда Бишкек дүйнөдөгү эң кир үч шаардын катарына кирет дегенге макул эмесмин", — деди Алиев.
Мындан улам депутат тиешелүү мамлекеттик органдарды ыш боюнча туура маалымат жеткирүү жаатында иштөөгө чакырды.
Атазов: депутаттар маселе көтөрсө эле аба тазаланып калууда, сыры эмнеде?