Кытайдын ЖОЖдорунда гранттык негизде окууга сынактын мөөнөтү узартылды

Билим берүү министрлиги Кытайда билимин улантууну каалагандарга керектүү шилтемелер менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ушул окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга арыз жана документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, арыз жана документтер бүгүн, 15-декабрда да кабыл алынат.

"Каалоочулар онлайн системасындагы "2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу" бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек", — деп жазылат маалыматта.

Документтерди тапшыруунун шарттары жөнүндө толук маалымат төмөнкү шилтемеде.
Радио
Жапарова: стартаперлер менен иштөө ишкерлер үчүн да пайдалуу