Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Батыш Европаны чоң тирештин чегине такап койду

Эрежеге негизделген тартипке жамынып бир полярдуу моделди жандантууга аракеттенген Батыш дүйнөнү бөлүп-жарып, улам жаңы аймакка таасирин жайылтып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Батыш НАТОнун кеңейүүсүнө чексиз укук берип Европаны дүйнө силкинчү тирештин чегине алып келди. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, батыш мамлекеттеринин үстөмдүк позициясын сактап калуу далалаты эл аралык институттарга, эл аралык укукка, борбордо БУУ турган дүйнө моделине болгон ишенимди жоготууда.
"Мындай көрүнүш 2022-жылдын февралында эле пайда боло калган жок. Бүгүнкү күндө келечектеги дүйнө модели тууралуу маселе чечилип жатат. Өзүнө гана ыңгайлуу шарттарды түзгөн бир тараптын гегемониясын тааныйбыз же опузасы, үстөмдүгү, коркутуп-үркүтүүсү жок адилеттүү, демократиялуу жана көп полярдуу дүйнөдө жашайбыз", — деди Небензя.
Дипломаттын айтымында, "күнү бүтүп бараткан доордун" башкы каармандарына экинчи вариант жакпай жатканы да айкын. "Эрежеге негизделген тартипке" жамынып бир полярдуу моделди жандантууга аракеттенген Батыш дүйнөнү бөлүп-жарып, улам жаңы аймакка таасирин жайылтып жатканы белгиленди.
"Жамааттык Батыш атайын операциянын башталышы менен пайда болду деп жаткан Укрина кризиси ири каатчылыктын бир элементи гана. Дүйнө буга эбактан бери келе жаткан. Бул — 20-30 жылдан бери тамыр жайган системдүү кризис. Коопсуздуктун бөлүнгүс принцибин бузуу менен НАТОго кеңейүү укугун берип, батыш мамлекеттери Европаны дүйнө силкине турган тирешүүнүн чегине такап койду", — деди Небензя.
Анын айтымында, ушу тапта НАТО баарын өз карамагына алууга умтулуп жатат. Батыш каатчылык башталганга чейин диалогдон баш тартып келген, азыр деле каалоосу жок. "Бүгүнкү күндө Россияны алсыздандырып, стратегиялык жеңишке ээ болууга басым жасалууда. Бул аракет ушул жылдын февралында башталды дегендер катуу жаңылышат", — деди өкүл.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун мурдагы башчысы АКШнын Украинага кийлигишкен себебин атады