Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ менен Европанын Украинада тынчтыкты орнотуу ниети жок экени айтылды

Саясатчы Украинадагы абалды курал-жарак жеткирүүнү токтотуу менен жөнгө салса болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. АКШ менен Европанын Украинада тынчтык орнотуу боюнча эч кандай сунуш, демилгеси жок, жаңжалды бир катар шарттарды аткаруу менен басса болот. Мындай пикирин Австриянын мурдагы вице-канцлери, Эркин партиясынын (FPÖ) мурдагы оңчулдар лидери Хайнц-Кристиан Штрахе РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Ушул тапта Европанын дагы, АКШнын дагы тынчтыкты орнотуу боюнча олуттуу, таза ниети жок. Режеп Тайип Эрдоган башында турган Түркия ортого түшүүгө аракет кылууда. Тилекке каршы, Украинадагы каардуу согуштан пайда табууну көздөгөн тараптар да бар", — деген ал.
Штрахенин айтымында, айрым шарттарды аткаруу менен эпке келүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
"Украинадагы бул прокси-согушту АКШ жана анын Европадагы НАТО боюнча союздаштары өңдүү көшөгөнүн артындагы ири оюнчулар токтото алат. Ошондой эле Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотсо да абал жөнгө салынат", — деген Штрахе.
Саясатчы бардык тараптарды сүйлөшүүлөр үчүн олуттуу жолдорду издөөгө чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун мурдагы башчысы АКШнын Украинага кийлигишкен себебин атады