Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Боррель: Украина боюнча трибунал түзүү идеясы ЕБде бирдиктүү колдоо тапкан жок

Еврокомиссия ноябрдын соңунда БУУ эгидасынын алдында Украина боюнча эл аралык трибунал түзүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Еврокомиссиянын Украина боюнча атайылаштырылган эл аралык трибунал түзүү сунушу Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бирдиктүү колдоосуна ээ боло алган жок. Бул тууралуу ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель билдиргенин РИА Новости жазды.
Мында кеп 12-декабрь күнү Брюсселде өткөн адам укугу боюнча жыйын тууралуу болууда.
"Украинадагы чектен ашкан аракеттер менен күрөшүү үчүн Эл аралык кылмыш сотунан (ЭКС) башка бир нерсенин зарылдыгы тууралуу талаш-тартыш болду. Министрлерге сунушту бердим, талкууладык, бирок жыйынтык болгон жок", — деди дипломат.
Европа комиссиясы ноябрдын соңунда БУУ эгидасынын алдында Украина боюнча эл аралык трибунал түзүүнү демилгелеген. ЕК башчысы Урсула фон дер Ляйен мекеме сунушту ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин айткан болчу.
Кийинчерээк Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан ЕБдин атайын трибунал түзүү планы ЭКС жүргүзүп жаткан ушундай эле иликтөөнү үзгүлтүккө учуратарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: атайын операция бүткөн соң Россия менен кызматташкыдай болушубуз керек