Сасык тумоодон улам Таластагы мектеп менен бала бакчалардын баары жабылды

Саламаттык сактоо министри окуучулардын 20 пайызы ооруп келбей калса карантин жарыяланарын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. КРВИ менен грипптин күчөшүнөн улам Таластагы мектептер менен бала бакчалардын баары карантинге жабылганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү тастыктады.
Маалыматта бүгүн башталган карантин канчага созулары такталган жок.
Эскерте кетсек, ушу тапта өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инфекция жана гриппке кабылган адамдардын саны көбөйүүдө. Буга чейин оорудан улам Бишкек шаарындагы сегиз мектеп онлайн-окууга өткөн болчу. Андан мурун алты бала бакча карантинге жабылган.
Саламаттык сактоо министри окуучулардын 20 пайызы ооруп келбей калса карантин жарыяланарын билдирген. Ошондой эле мектептерге жана бала бакчаларга массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады.
Бир суткада Кыргызстанда КРВИ жана грипптин 10 миңдей учуру катталды