Садыр Жапаров жаңы тик учактар кандай максатта колдонуларын түшүндүрдү

Жапаров аскердик тик учактарыбыздын баары оңдолгонун, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, анда жакында ӨКМге алынган эки тик учак кандай максатта колдонуларын түшүндүрдү.
Өлкө башчынын айтымында, аны ар кандай кырдаалдарда, мисалы, тез жардам катары дагы колдонсо болот. Ошондой эле ал каалаган адамдарга ижарага берилерин айтты.
“Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок”, — деди ал.
Ошондой эле Жапаров тик учакка байланыштуу сын угуп жатканын белгиледи.
“Тик учакты ижарага алып Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой жүгүртүүдөн кетишибиз керек”, — деди президент.
Мындан тышкары, өлкө башчы тик учактар Баткен окуясында аскерлерди аман алып калууга жардам бергенин кошумчалады.
“Өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп куткарып алдык. Тик учак болбогондо алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок”, — деди ал.
Сөзүнүн соңунда Жапаров аскердик тик учактарыбыздын баары оңдолгонун, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келерин билдирди.
Буга чейин Кыргызстан экинчи ирет жаңы Airbus H145 техникасын сатып алып, аны президент Садыр Жапаров көрүп чыкканы кабарланган.
Ташиев жаңы тик учак менен Бишкек жана дагы үч облусту кыдырат. Видео