БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова мекеме Кыргызстандагы кесиптештерин колдоону уланта берерин билдирди.
Бүгүн Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө кампаниясы башталды. Россия бул үчүн Кыргызстанга вакцинанын 350 миң дозасын жөнөткөн.
Попова баарына жеткиликтүү акысыз вакцина жана жарыкка келген ымыркайдын эмделиши инфекциянын жайылышына бөгөт коюп, өнөкөт гепатит менен боордун циррозу сыяктуу оорулардын азайышын шарттай турганын белгиледи.
"Мындай жагдай өз кезегинде саламаттык сактоо системасына чоң жеңилдик болот. Россиялык окумуштуулар, Роспотребнадзордун адистери кыргыз кесиптештерине ар тараптуу колдо көрсөтүүсүн уланта бермекчи", — деди ал.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Россия тарапка ыраазычылык билдирип, жемиштүү кызматташууга үмүт артты.