Кара-Көлдө пара алып жаткан жеринен тергөөчү, адвокат жана аудитор кармалды

Учурда пара алуу фактысы тергелип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. УКМК менен Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында Кара-Көл шаарында прокуратуранын башкы тергөөчүсү, адвокат жана жеке аудитор 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн атайын комитет билдирди.
1 / 2

УКМК менен Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында Кара-Көл шаарында прокуратуранын башкы тергөөчүсү, адвокат жана жеке аудитор 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн атайын комитет билдирди

2 / 2

Иликтөө учурунда кармалгандар сотто кыргызстандык Б.К.С. аттуу жарандын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алууну убадалашкан

Иликтөө учурунда кармалгандар сотто кыргызстандык Б.К.С. аттуу жарандын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алууну убадалашкан.
Учурда пара алуу фактысын тергөө боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.
УКМК: Ала-Букада опузалап акча алып жаткан жеринен блогер кармалды