Радио

Майканов: малды идентификациялоо токтобой жүрө турган процесс

Ветеринардык кызматтын Малды жана малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов учурда асыл тукум кой-эчкилерди жана жылкыны идентификациялоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Sputnik
Малды идентификациялоо токтобой жүрө турган процесс. Бул тууралуу Манас Майканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Бодо малдыкы жыйынтыкталган, бирок улам туулганын, сырттан алып келингенин идентификациялоо зарыл. Учурда жылкыга чип тагуу 80 пайызга жетти. Ал эми майда жандыктардан асыл тукум кой-эчки идентификацияланууда. Жалпы 43 миңден ашып, 75 пайызы жыйынтыкталды. Бодо малды идентификациялоо үчүн тендер өтүп, 31,38 сомдон деп аныкталган. Бул ишти жер-жерлердеги жеке ветеринарлар ЕАЭБдин талабына ылайык жүргүзүүдө. Ал малдын саны, сапаты менен кошо алардын кыймылын көзөмөлдөгөнгө шарт түзөт. Канчасы сатылды, союлду деген сыяктуу. Ал жерге мал, анын эмдөөсү ж.б. көптөгөн маалыматтар киргизилет. Натыйжада базардагы малдан алынган азыктарды идентификациялоого жол ачууда. Мисалы, этке атайын QR код берилет, ал аркылуу мал кайда туулган, кайсы дарылар сайылган, жашы сыяктуу бардык маалыматтарды алууга мүмкүндүк жаралат", — деди Майканов.
Ошондой эле идентификациядан өтпөгөн малды жана анын азыгын сатуу мүмкүн болбой каларын кошумчалады.