Социалдык тармактарда Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтары менен бөлүшүүгө чек коюлган. Бул колдонуучунун укугун бузуу деп эсептейм. Мындай пикирин Амантур Манапбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектептерге тез арада медиасабаттуулукка үйрөткөн сабактарды киргизүү зарыл.
"Биз батыш өлкөлөрүн демократия, адам укуктары, эркиндиктин үлгүсү деп айтабыз. Бирок адам эркиндиги бул өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына дал келген учурда гана эске алынарына азыр күбө болуудабыз. Мисалы, ошол эле Instagram, Facebook, Twitter социалдык тармактарында бир гана батыш ЖМКларынын бир жактуу маалыматтары чагылдырылууда. Ал эми россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык маалыматтары менен бөлүшүүгө чектөө коюлган. Бул биздин, колдонуучулардын укугун бузуу эмеспи? Буга көңүл бургандар барбы? Эмнеге дүйнө эли бир гана батыштын көз карашына дал келген маалыматтар менен камсыздалышы шарт? Тилекке каршы, дүйнөлүк маалымат саясатында ушундай кош стандарттуулук өкүм сүрүүдө. Андыктан мамлекет социалдык тармактарды өлкө ичинде колдонууда ушул маселеге да көңүл бурушу керек. Келечекте улуттук социалдык тармак түзүлүшү абзел", — деди Манапбаев.
Ал ошондой эле маалыматтык коопсуздук жаатында мамлекет өзгөчө жаштарга басым жасоосу зарылдыгын кошумчалады.